Талас облусунда, Бакай-Ата районунда, 10 кВ напряжение менен 29,985 км узундуктагы электр өткөргүчтөрдү оңдоо иштери пландалууда, деп билдирет Кыргызстандын Энергетика министрлиги.
Мындан тышкары, техникалык тейлөө жүргүзүлөт:
- 362,982 км 0,4 кВ линиялары;
- 295,270 км 10 кВ линиялары.
- 40 трансформаторду капиталдык оңдоо;
- 286 трансформаторду пландуу техникалык тейлөө;
- 0,4 кВ 6,3 км аба линиясын өзүн-өзү кармап турган изоляцияланган зым (СИП-2) менен алмаштыруу;
- 158 жыгач опорду темир-бетондук опорго алмаштыруу;
- 9 трансформатордун кубаттуулугун жогорулатуу жана 2 жаңы трансформаторду орнотуу.