Бул компанияны текшерүү учурунда жети акт түзүлгөн, ошондой эле зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн, бул чараларды кабыл алууга негиз болду.
NUR UMRA Travel компаниясынын өкүлдөрү аныкталган бузулууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин убакыт берүүнү суранышкан, бирок зарыл аракеттер жасалган жок. Ошондуктан, ДУМК компаниянын лицензиясын кайтарып алуу чечимин бир добуштан кабыл алды.
Башкармалыктан такталгандай, компания бул чечимге каршы муфтийге кайрылуу укугуна ээ.Башкы беттеги иллюстрация: grozny-inform.ru.