
Пресс-кызматтын маалыматына ылайык, ички иштер министри милициянын полковниги Мирлан Рыскелдиевди ички тергөө кызматын жетектөөгө дайындады. Ал буга чейин аталган бөлүмдүн орун басары кызматын аркалаган.
Ички иштер министрлигинин сүрөтү. Мирлан Рыскелдиев
Кызматтын жетекчилигине мыйзамдуулукту камсыз кылуу, кызматкерлер арасында тартипти күчөтүү жана жеке курамдын арасында мыйзам бузууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча натыйжалуулукту жогорулатуу тапшырылды.