Кыргызстан Улуу Британия менен соода кызматташтыгына санкциялардын терс таасиринен кабатырланууда

Елена Краснова Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстан санкциянын соода кызматташууга тийгизген терс таасирине тынчсыздануусун билдирет

Жакында Лондондо «Ортолук Азия-Улуу Британия» форматында жолугушуу өттү.


Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев аталган министрлер жолугушуусуна катышты, деп билдиришти ведомствонун басма сөз кызматынан.

Иш-чарада Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери, ошондой эле Улуу Британиянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик катчысы да катышты.

Жолугушууда сөз сүйлөгөн Жээнбек Кулубаев Ортолук Азиянын Азия менен Европа ортосундагы маанилүү геополитикалык орунду ээлегенин, ошондой эле чоң энергетикалык ресурстарга, адамдык потенциалга жана транзиттик мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгиледи.

Улуу Британия тарабынан киргизилген санкциялар тууралуу сөз кылып, министр алардын Ортолук Азия өлкөлөрүнүн Улуу Британия менен соода, экономика жана финансылык байланыштарына тийгизген потенциалдуу терс таасирине тынчсыздануусун билдирди.

Ал ошондой эле Кыргызстан эл аралык экономикалык мамилелерди саясийлаштырууга каршы экенин жана өз ара пайдалуу чечимдерди табуу үчүн конструктивдүү диалогго ачык экенин баса белгиледи.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: