«Манас» аэропортунда жаңы көп деңгээлдүү автопарктын курулушу 2026-жылдын июль айына чейин аякталат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, автопарктын курулушу толук ылдамдыкта жүрүүдө.
«Биз жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн заманбап инфраструктураны түзүп жатабыз. Автопарктын аянты болжол менен 24 миң чарчы метрди түзөт жана ал 650 унаага ылайыкташтырылган. Структура эки блоктон жана беш кабаттан турат, заманбап автоматташтырылган көзөмөл жана башкаруу системалары менен жабдылат, бул коопсуздук жана комфортту камсыз кылат», - деди ал.
«Биз ошондой эле ыңгайлуулукка чоң көңүл буруп жатабыз: автопарктын жана аэровокзалдын ортосунда аба өтмөгү курулат, бул жүргүнчүлөрдүн терминалга оңой жана коопсуз жетүүсүн камсыздайт», - деп кошумчалады Самидинов.