
Иш-чаралар жылдын каалаган мезгилинде өткөрүлөт
Нарын облусунда туристтик индустрияны өнүктүрүү жана регионго туристтердин агымын жогорулатуу максатында кышкы жана жайкы пресс-турларды пландаштырууга арналган жолугушуу өттү. Бул тууралуу облустук администрация маалымдады.
19-январда Нарын шаарында губернатор туризм тармагындагы бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын катышуучулары жергиликтүү жана чет элдик журналисттер менен блогерлер үчүн пресс-турларды өткөрүүнүн мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Нарындын кооз пейзаждарын, маданий мурасын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу үчүн коңшу өлкөлөрдөн медиа-ишкерлерди жана блогерлерди чакырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, келе жаткан пресс-турлар үчүн маршруттарды тактоо жана мазмундуу программаларды түзүү боюнча сунуштар талкууланды.
Сүрөт www