
«Биринчи көпүрө 32-34 миллион сомго турат»
Бишкекте 20дан ашык жер астындагы өтмөктөрдү куруу пландалууда, бул тууралуу шаар мэри Айбек Джунушалиев "Кабар" агенттигине берген интервьюсунда билдирди.
Ал учурда өтмөктөр эксперименталдык стадияда курулуп жатканын белгиледи. Иштин татаалдыгын, көлөмүн жана баасын баалоо жүргүзүлүп, келечектеги бюджеттерди түзүү үчүн маалымат топтолууда.
«Айтматов проспектинде төрт өтмөк куруп жатабыз. Учурда долбоордун баасын аныктап жатабыз. Биринчи көпүрө болжол менен 32-34 миллион сомго турат. Иштин баасы акыркы жолу бекитилгенден кийин калган өтмөктөрдү курууга өтөбүз», - деп кошумчалады мэр.
Сүрөт www