
Агенттик өз кайрылуусунда кызматтык кат алышууну жүргүзбөй турганын жана жарандарга WhatsApp же башка расмий эмес байланыш каналдары аркылуу расмий билдирүүлөрдү жибербестигин белгилейт.
Жарандарга жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнө көңүл бурууну, жеке маалыматтарын, ырастоо коддорун, документтердин реквизиттерин бербөөнү жана шектүү шилтемелерге өтүүдөн качууну сунуштайт.
Эгер сиз шектүү билдирүүлөрдү алсаңыз, мамлекеттик агенттик маалыматты тактоо үчүн +996 997 950 850 жана +996 998 950 350 телефон номерлери боюнча кайрылууну, ошондой эле алдамчылык учурлары жөнүндө укук коргоо органдарына билдирүүнү сунуштайт.