Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер арасында спорттук реалити-шоуну башташат

Яна Орехова Коом
VK X OK WhatsApp Telegram

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер арасында өтө турган спорттук реалити-шоуну ишке киргизүү пландалууда. Тийиштүү маалыматты КРнын Физикалык маданият жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги «Кабар» агенттигине билдирди.

Бул иш-чара триатлон федерациясы менен өнөктөштүктө өткөрүлөт.

Биринчи этапта спорттук тажрыйбасы жок 10 бюджеттик мекеменин кызматкери тандалып алынат. Катышып жаткан адамдар жүгүрүү, сүзүү жана велоспорт боюнча окутуудан өтүшөт. Иш-чарага катышуу үчүн мамлекеттик кызматта 5 жылдан кем эмес стажы болушу керек, катышуучулардын жашы 28ден 38ге чейин болушу зарыл», - деп белгилешти агенттиктен.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: