КР БШК өкүлдөрү Индияда өтүп жаткан эл аралык конференцияга катышууда

Виктор Сизов Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Узарбек Жылкыбаев жана Рустам Манасбеков Нью-Дели, Индияда өтүп жаткан демократия жана шайлоо маселелерине арналган Эл аралык конференцияга катышууда. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Конференция 21-январда башталып, 23-январга чейин уланат. Ал Индиянын Шайлоо комиссиясы (ECI) жана Индиянын Эл аралык демократия жана шайлоо башкаруу институту (IIIDEM) тарабынан уюштурулган, ошондой эле International IDEAнын колдоосу менен, Индиянын 2026-жылы аталган эл аралык уюмдагы төрагалыгынын алкагында өтүүдө.

Иш-чарада International IDEAга кирген өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын жетекчилери, ошондой эле башка мамлекеттердин өкүлдөрү да катышууда. Конференциянын негизги максаты – шайлоо башкаруусундагы актуалдуу чакырыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо, ошондой эле тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашуу.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Без изображения