2026-жылга бюджетти түзүүнүн негизги булактары республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшүүчү камсыздандыруу төлөмдөрү болот.
- 2026-жылга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын көлөмү 2 057 870,4 миң сомду түзөт.
- Социалдык фонддун бюджетинен өткөрүлгөн мажбури медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү 2026-жылга 6 503 418,2 миң сом өлчөмүндө белгиленген.
- 2026-жылга ММКФнын бюджетинин айланма кассалык акчасынын жалпы көлөмү 541 951,5 миң сомду түзөт.