2025-жылы Кыргызстанда 8 миңден ашык ЖПТ катталды
Негизги факторлор - ылдамдыкты ашыруу, туура эмес маневрлер жана алкогольдук мас абалда башкаруу 2025-жылы Кыргызстанда 8 миңден ашык жол кырсыгы катталган. Бул маалымат Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулган жыйында айтылды. Жыйында Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ички иликтөө кызматынын начальниги Улан Бийбосунов, ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азенбек