Директорлор кеңешинин 20-январдагы чечими менен Эльвира Эсенгул кызы башкармалыктын орун басары болуп дайындалды. Эмитенттин уставдык капиталына болгон үлүшү тууралуу маалымат берилген жок. Мурда ал ГП "Кыргыз темир жолу" мекемесинде бухгалтер болуп иштеген.
Ал ээлеген кызматты мурда Асылгуль Сыдыкова аркалаган.
Госипотекалык компаниянын учурдагы башкармалыгы төмөнкүдөй көрүнүштө:
- Талант Табылбекович Жекшенов - башкармалыктын төрагасы;
- Нургазы Анаркулович Атканов - башкармалыктын биринчи орун басары;
- Нурлан Миржанович Худайкулов - башкармалыктын орун басары.
- Гульмира Абидиновна Шакирова - директорлор кеңешинин төрагасы;
- Самсаалы Темирбекович Четимбаев - директорлор кеңешинин мүчөсү;
- Абдукарим Эшиевич Эшиев - директорлор кеңешинин мүчөсү.