
2026–2028-жылдарга карата кызматташтык боюнча "жол картасы"нын кол коюлушу ОДКБ, СНГ жана ШОС ортосундагы өз ара аракеттенүүдө маанилүү кадам болуп калды. Бул тууралуу "Союзники. ОДКБ" басылмасына берген интервьюсунда уюмдун башкы катчысы Таалатбек Масадыков билдирди.
Ал бул документтин ийгиликтүү ишке ашырылышы коопсуздук тармагында активдүү кызматташтык үчүн бекем негиз түзөрүн баса белгиледи.
Бул жылы ОДКБ, СНГ жана ШОС тарабынан уюштурулган Борбордук Азия жана Афганистандагы коопсуздук маселелерине арналган биргелешкен конференция пландалууда. Мындан тышкары, "жол картасы"нын алкагында бул уюмдардын эл аралык статусун жогорулатууга багытталган биргелешкен көп тараптуу медиапроекттерди ишке ашыруу пландалууда", - деп кошумчалады ал.