Бул жобонун негизги максаты ломбарддардын ишине так талаптарды коюу болуп саналат. Нормативдик акт өлкөдө ломбарддык ишмердик жүргүзүүгө лицензиясы бар бардык юридикалык жактарды камтыйт.
Жаңы талаптар боюнча, ломбарддар үчүн минималдык уставдык капитал төмөнкүдөй болот:
- 2025-жылдын 1-январынан баштап - кеминде 3 000 000 (үч миллион) сом;
- 2026-жылдын 1-июлунан баштап - кеминде 7 000 000 (жети миллион) сом;
- 2027-жылдын 1-июлунан баштап - кеминде 14 000 000 (он төрт миллион) сом;
- 2028-жылдын 1-июлунан баштап - кеминде 20 000 000 (жыйырма миллион) сом.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.