
Президенттин басма сөз кызматынын сүрөтү
Визиттин алкагында Серджио Гортун президент Садыр Жапаров менен жолугушуусу пландалган.
Мындан тышкары, ал 4-5-февралда Бишкекте өтө турган «B5+1» экинчи диалог форумуна катышат жана форум Борбордук Азия менен АКШнын экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү темасына арналат.
Форум инвестициялар, соода-экономикалык байланыштар жана АКШ менен регион өлкөлөрүнүн ортосундагы жаңы өз ара аракеттенүү форматтары боюнча маселелерди талкуулоого арналган платформа болуп калат.