Кыргызстан жана ЕК кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 7-отурум өткөрүштү

Сергей Гармаш Саясат
VK X OK WhatsApp Telegram
Жолугушууда кыргыз делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жетектеп, европалык тарапты Европа комиссиясынын эл аралык өнөктөштүк боюнча генералдык директорлугунун Борбордук Азия жана Афганистан бөлүмүнүн жетекчиси Шарлотт Адриен өкүлчүлүк кылды.

Шарлотт Адриен Global Gateway долбоорунун алкагында жетишилген оң натыйжаларды, анын ичинде энергетика секторун камтыган Европа инвестициялык банкы менен өз ара түшүнүшүү меморандумун кол коюуну белгиледи.

Тараптар эки тараптуу жана регионалдык кызматташтык боюнча пикир алмашып, жалпы кызыкчылыктарды билдирген темалар боюнча өз ара аракеттешүүнү күчөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн негизги багыттарды белгилешти.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: