
«Суроо Жогорку Кенеште көтөрүлгөн эмес»
Жогорку Кенештин маалымат кызматынан Нурланбек Тургунбек уулунун торага кызматынан кетиши тууралуу маалыматтарды четке какты.
«Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши тууралуу маалыматтардын негиздери жок.
Жогорку Кенеште бул суроо талкууланган эмес. Торага учурда Түркияда парламенттик делегациянын курамында расмий сапарда жүрөт», - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Мурда спикерди башка талапкерге алмаштыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөздөр чыкканын эске салуу керек, бул маалыматтар ГКНБнын төрагасы Камыбек Ташиевдин кызматтан алынуусунун фонуна байланыштуу болгон.
Сүрөт www