
Билим берүү министри Кытай Эл Республикасынын элчиси менен жолугушту
Жолугушуу Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин башчысы Догдуркул Кендирбаев менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Чрезвычайный жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпиндин ортосунда өттү. Бул тууралуу маалымат ведомствонун расмий пресс-релизинде жарыяланды.
Күн тартибинде мектепке чейинки, жалпы мектеп жана баштапкы кесиптик билим берүү боюнча эки тараптуу кызматташууга байланыштуу маселелер каралды.
Мындан тышкары, аталган тармактарда өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн практикалык механизмдерди иштеп чыгууга жана киргизүүгө басым жасалды.
Сүрөт www