
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын сүрөтү
Бул жабдыктар медициналык жабдыктарды санариптик эсепке алуу үчүн колдонулат жана Германиянын финансылык жардамы менен «Саламаттык сактоо V» программасынын алкагында киргизилген SAMEDIS инвентаризация системасынын ишин колдойт.
SAMEDIS — бул медициналык жабдыктарды инвентаризациялоо жана эсепке алуу үчүн атайын санариптик система.
Жолугушууда долбоорду ишке ашыруу маселелери да талкууланды. Иш-чаранын катышуучулары медициналык персонал үчүн окутуучу тренингдер аяктаганын жана Бишкек менен Чүй облусунун медициналык мекемелери негизги инвентаризация этаптарын ийгиликтүү аяктап, маалыматтарды туруктуу жаңыртууга өткөнүн белгилешти.
«Келечекте маалыматтын сапатын башкаруу жана маалымат базасын жүргүзүү мамлекеттик «Кыргызфармация» ишканасына өткөрүлөт, бул улуттук саламаттык сактоо системасынын ресурстарын башкаруунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатат», — деп кошумчалашты министрликтен.