Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 23-24-февралда Швейцарияга жумушчу сапар менен бара жатат. Анын БУУнун адам укуктары боюнча 61-сессиясындагы жогорку деңгээлдеги иш-чараларга, ошондой эле куралдарды башкаруу боюнча конференцияга катышары министрликтин басма сөз кызматынан маалым болду.
Бул сапардын максаты - Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын жана демилгелерин Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында көрсөтүү.
Женевдеги убагында Кулубаев Швейцариянын Федералдык тышкы иштер департаментинин башчысы Иньяцио Кассис менен, ошондой эле БУУнун башка мүчө мамлекеттеринин тышкы саясат ведомстволорунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү пландаштырууда.