
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди.
Ведомство дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Уставы жана эл аралык укуктун нормаларына ылайык иш алып барууну сунуштады.
Кыргызстан ошондой эле бардык катышкан тараптарды максималдуу сабырдуулук көрсөтүүгө, аскердик аракеттерди дароо токтотууга жана учурдагы конфликтти тынчтык жолу менен чечүүгө багытталган конструктивдүү диалогго кайтууга зарыл болгон кадамдарды жасоого чакырды.