
Бишкек шаарындагы парламент комитетинин жыйынында маданият министринин орун басары Марат Тагаев чет өлкөлүк фильмдерге кыргыз тилинде субтитрлерди кошуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алууда мүмкүн болгон каршылыктар тууралуу тынчсыздануусун билдирди.
«Учурда биз чет өлкөлүк фильмдерди кыргыз тилиндеги субтитрлер менен камсыз кылуу боюнча активдүү иштеп жатабыз. Жакын арада мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландап жатабыз, бирок каршылыкка туш болушубуз мүмкүн. Ошондуктан депутаттардан колдоо сурайбыз», — деди ал.
Ошондой эле, учурдагы мыйзамга ылайык, Маданият министрлиги телевизиондук каналдардагы контенттин мазмунун көзөмөлдөйт, алар кыргыз тилинде программалардын 60% дан кем эмес болушун камсыз кылууга милдеттүү.
Сүрөт www