
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, аял 5-февралда арыз берген. Анын айтымында, трагедия 2022-жылдын 15-октябрында болгон. Эр киши биринчи аны сабап, анан от койгон.
Башында милицияга эки тарап тең күйүк алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн, жана алардын оор абалына байланыштуу сурак өткөрүү мүмкүн болгон эмес.



Кийинчерээк, шектүү аялына балдарына зыяны тийет деп коркутуп, аны болгон окуяны кырсык деп аташына мажбурлаганы аныкталды. Аял Бишкекте эки ай дарыланган жана күйөөсүнүн кайрадан зомбулугуна кабылганда, чындыкты энесине айтып берген.
Бул окуя боюнча «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кармалды.
Омбудсмен институту, аялына от койгон эркектин Талас мэриясында иштегенин билдирди.
Маалыматтар боюнча, жабырлануучунун денесинин 60 пайызында күйүк бар, ага кайрадан дарылоо керек. Учурда ал Бишкекте балдары менен бирге.
Ошондой эле, аялга медициналык жардамдан тышкары, психологиялык колдоо да керек экени белгиленди.