Тергөө бир нече жеке авто мектептердин директорлору чындыгында Кыргызстандан тышкары болгон жана сабактарга катышпаган жарандарды окутууга кабыл алганын аныктады. Каттоо алыстан, теориялык жана практикалык сабактарга чыныгы катышпастан жүргүзүлгөн. Кийинчерээк курсту ийгиликтүү аяктагандыгын тастыктаган жалган документтер даярдалган.

УККнын өкүлдөрүнүн айтымында, бул схема жол кыймылынын эрежелери жана айдоо жөндөмдөрү боюнча керектүү билимге ээ эмес адамдарга өлкөгө кайтып келип, окутууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүктөрдү алууга, ошондой эле коррупциялашкан чиновниктердин жардамы менен экзамен тапшырып, айдоочулук күбөлүктөрдү алууга мүмкүнчүлүк берген.
Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында «дистанциялык» курсанттарды каттоону тастыктаган документтер алынды. Учурда схеманын башка катышуучуларын аныктоого жана мыйзамсыз берилген күбөлүктөрдү жок кылууга багытталган оперативдик чаралар улантылууда.