
Кант шаарында ломбарда иштеген кызматкер, өзүнө берилген мүлктү уурдап алган деп шектелип, кармалды, деп билдиришти Чүй облусунун ИИБинин маалымат кызматынан.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 11-январында Ысык-Ата районунун ИИБине 1999-жылы туулган Ц.К. аттуу тургун, С.М. аттуу жаран тарабынан жасалган мыйзам бузуулар боюнча арыз менен кайрылган. Ал «У.П.» ломбардына экспертиза жүргүзүүчү-кассир болуп иштеп, материалдык жоопкерчилиги бар адам катары жогорку баадагы жасалма насыяларды түзүп, алынган акчаларды уурдап алган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин уурдалган акчалардын жалпы суммасы 4 миллион сомду түзгөн.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 210-беренеси (Өзүнө берилген мүлктү уурдоо жана ысырап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, 1986-жылы туулган шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Тергөө уланууда.