
Зардап чегүүлөр 7-февралда Ленинское айылындагы талаада жүргөндө кол салууга кабылгандыктарын айтып беришти. Белгисиз адамдар аларга кол салып, дене жаракаттарын беришип, К.Х.нын iPhone 13 Pro Max уюлдук телефонун жана акчалары бар барсетканы, ошондой эле К.Б.нын саатын алып кетишкен. Андан кийин кылмышкерлер окуя болгон жерден качып кетишкен.
Окуя тууралуу маалымат катталып, белгисиз адамдарга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (урдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүлөрдүн ким экенин аныктап, аларды кармашкан. Алар Т.К. (2001-ж.т.), К.О. (2002-ж.т.) жана К.Р. (2006-ж.т.) болуп чыккан.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, үчөө тең кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылган.


Тергөө процессинде уурдалган буюмдардын үчүнчү жактарга сатылганы аныкталды. Учурда бул буюмдар алынып, иш боюнча заттай далилдер катары таанылды.
Соттук экспертизалар дайындалды, тергөө аракеттери болгон окуянын бардык жагдайларын терең жана кеңири аныктоо үчүн улантылууда.