
Атап айтканда, белгисиз адамдар Индивидуалдык турак жай куруу жана шаар куруу департаментинин директорунун орун басары Чынгыз Кемелбековдун атынан чыгып, жарандардан акча талап кылышкан. Алар жер тилкелерин легалдаштыруу боюнча берилген арыздарга шилтеме беришкен.
Бишкек мэриясынын сүрөтү
Мэриянын өкүлдөрү департаменттин кызматкерлери телефон аркылуу же делдалдар аркылуу акча сурабай турганын белгилешти. Жарандарды өздөрүнүн жеке маалыматтарын жана акчаларын белгисиз адамдарга бербөөгө чакырышты.
Күмөндүү кырдаалдар пайда болгондо, мэрия жарандарды дароо укук коргоо органдарына кайрылууга жана мындай учурлар тууралуу Индивидуалдык турак жай куруу жана шаар куруу департаментине 0312 97 92 97 жана 0504 11 01 21 телефон номерлери аркылуу билдирүүгө кеңеш берет.