Ал өзүнүн кайрылуусунда коомчулукка маалым болгон маалыматтар анын жеке жашоосун камтый турганын белгиледи.
Сулайманов ага карата коюлган айыптоолор бир тараптуу мүнөзгө ээ экенин жана юридикалык баалоону талап кыларын айтты.
«Айтылган айыптоолор негизсиз жана юридикалык экспертизаны талап кылат. Эгер мен бул кырдаалдын башка тарабын айтып берсем, бул көптөгөн сынчыларды ойлондурат эле. Бирок мен муну жасоону каалабайм, жана бардык чындыкты билбестен жыйынтык чыгарбоону суранам», — деди ал.
Депутат ошондой эле учурда анын күнөөсүн тастыктаган соттун чечими жок экенин кошумчалады.
«Мен коомчулукту жана массалык маалымат каражаттарын тиешелүү органдар тарабынан тергөө аяктаганга чейин алдын ала жыйынтык чыгарбоого чакырам», — деди Эльдар Сулайманов.
Ал кырдаалды ар тараптуу жана объективдүү талдоого даяр экенин билдирди.
Эскерте кетсек, мурда Асель Азаматова Эльдар Сулаймановдун тараптан көптөгөн зомбулукка кабылганын билдирген. Бишкек ШИИБи бул иш боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатканын жана аялга коргоо ордери берилгенин маалымдады.