
Италияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Италиянын спорт жана жаштар саясаты министри Андреа Абоди менен жолугушту.
Жолугушуунун учурунда спорт тармагында эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, тажрыйба алмашуу жана спортчуларды даярдоо маселелери талкууланды.