Кыргызстандын аялдар футбол командасынын башкы машыктыруучусу алмаштырылды

Яна Орехова Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстандын аялдар футбол командасынын башкы машыктыруучусу алмашты
Сүрөт КФС. Антонио Месса
Кыргызстандын аялдар футбол командасында машыктыруучулар курамында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол ассоциациясы (КФС) маалымдады.

Ассоциациянын маалыматына ылайык, команданын жаңы башчысы испандык адис Антонио Месса болду.

«Машыктыруучуну дайындоо чечими КФСтин аткаруу комитетинин 10-февралдагы жыйынында кабыл алынды. Мурда бул кызматты Нематжан Закиров ээлеп келген. Месса ошондой эле 2025-жылдын февралынан бери жетекчилик кылып келе жаткан 17 жашка чейинки аялдар командасын да машыктырууну улантат», — деп айтылат расмий билдирүүдө.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: