
Швецияда аялдар күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт, ага Кыргызстандык спортчулар катышат.
Мамлекеттик физикалык маданият жана спорт агенттиги билдиргендей, иш-чара 13-февралдан 15-февралга чейин өтөт жана Klippen Lady Open деп аталат.
Бул мелдеште өлкөнү үч балбан көрсөтөт:
49 кг салмак категориясында — Токтосун кызы Асел;
53 кг категориясында — Айдеми Асангазиева;
68 кг салмакта — Аяна Асамаликова.
Команданын (U-17) башкы машыктыруучусу — Нурсултан Аскарбеков.