
Архивден алынган сүрөт. Кыргызстандык Тимур Шакиров Италиядагы Олимпиадада 62-орунду алды
Кечээ аяктаган тоо лыжачыларынын арасында өткөн мелдешке 81 спортчу катышты.
Тимур биринчи аракетинде 1 мүнөт 29,52 секунд убакыт көрсөтүп, 67-орунду ээледи. Экинчи аракетинде ал өзүнүн натыйжасын жакшыртып, 1 мүнөт 22,5 секундда финишке чыгып, 63-орунга көтөрүлдү.
Эки аракеттин жыйынтыгы боюнча, биздин спортчу жалпы эсепте 62-орунга чыкты.