Азиз Ибраев самбо федерациясынын президенти болуп кайра шайланды

Марина Онегина Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Азиз Ибраев Кыргызстандын самбо федерациясынын президенти болуп кайра шайланды.

Федерациянын басма сөз кызматынан берилген маалыматка ылайык, отчеттук- шайлоо конференциясы 15-февралда Бишкекте өттү.

Бул конференциянын алкагында жаңы беш жылдык мөөнөткө башкы катчы Мирлан Акеров жана Аткаруу комитетинин төрагасы Мурат Арыстанбеков бекитилди. Асанбек Алымкожоев федерациянын Көзөмөл кеңешинин төрагалыгына шайланды.

Бишкек шаарындагы самбо федерациясынын жетекчиси Марлен Маматалиев өз ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Аматовго өткөрүп берди.

Өз кезегинде, Маматалиев федерациянын ардактуу президенти наамына ээ болду.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: