Жолугушууларда ал материалдык-техникалык базанын абалы менен таанышып, машыгуу залдарын, спорттук жабдуулардын жеткиликтүүлүгүн жана машыктыруучулардын эмгектенүү шарттарын текшерди. Ошондой эле ал окуучулар үчүн машыгуу процессинин уюштурулушун изилдеди.
Бузурман Багышбеков балдар жана өспүрүмдөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу чөйрөнү түзүү спорттун узак мөөнөттүү өнүгүшү үчүн негизги мааниге ээ экенин белгиледи.
Ал жаш спортчулардын ден соолугун жакшыртууга жана спортко болгон кызыгуусун арттырууга багытталган системалуу иштин маанилүүлүгүн баса белгилеп, спорт мектептеринин жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берди.
Спорттук инфраструктураны жакшыртуу жана машыгуу процессинин сапатын жогорулатуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Бул публикацияны Instagramда көрүү
Публикация sport.gov.kg (@sport.gov.kg) тарабынан