
Түштүк-чыгыш Бразилияда, тактап айтканда Жуиз-де-Фора жана Уба шаарларында күчтүү жамгырлардын натыйжасында 30 адам каза болуп, 39 адам дайынсыз жоголду. Эвакуация 440 тургунду камтыды, ал эми жабыркаган аймактарда өзгөчө кырдаал жарыяланды, деп билдирет Reuters агенттиги.
Президент Луис Инасиу Лула да Силва өзүнүн X социалдык тармагындагы аккаунтунда көңүл айтуу билдирип, бийликтин негизги милдеттеринин бири «гуманитардык жардамды камсыздоо, социалдык кызматтарды калыбына келтирүү, эвакуацияланган адамдарды колдоо жана калыбына келтирүүгө жардам берүү» экенин белгиледи.
Reuters маалыматтарына ылайык, Бразилияда декабрдан мартка чейин жамгыр мезгили болуп, бул мезгилде жамгырлар, суу ташкындары жана жер көчкү учурлары көп болот. Бирок 2026-жылдын февраль айында түштүк жана чыгыш штаттарында жааган жамгырдын көлөмү адаттагы нормаларды ашып кеткен. Жуиз-де-Фора шаары үчүн бул ай тарыхындагы эң жамгырлуу ай болуп калды.