
Мурда АКШнын куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги жоготуулар жок экенин билдирген
«Эпикалык каар» деп аталган операция учурунда үч америкалык аскер кызматкери каза болуп, бешөө оор жаракат алганын АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командованиеси (CENTCOM) маалымдады.
Бул маалымат америкалык аскерлердин операциядагы абалына 1-март күнү таңкы саат 9:30га карата тиешелүү.
Мурда CENTCOM Ирандын америкалык аскер базаларына каршы соккуларынын натыйжасында 500дөн ашык америкалык жоокер каза болду деген Ислам революциясынын күзөт корпусунун (КСИР) билдирүүлөрүн четке каккан, жоготуулар жок экенин жана зыян минималдуу экенин билдирген.
Иран тараптан каза болгондордун так саны белгисиз бойдон калууда. Ирандын Кызыл жарым ай коомунун маалыматына ылайык, согуштук аракеттердин башталышында кеминде 201 адам каза болуп, 747 адам жаракат алган.
Эң трагедиялуу окуялардын бири кыздар үчүн башталгыч мектепке сокку урулушу болду, анда расмий маалыматтар боюнча 140тан ашык адам каза болуп, алардын көбү мектеп окуучулары болгон.
Сүрөт www