
Бул жолугушуулардын максаты — Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле экономикадагы негизги секторлордо бизнес байланыштарын кеңейтүү.
Америкалык катышуучулардын арасында АКШ жана Кыргызстан бизнес кеңеши, Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү финансылык корпорациясы (DFC), Невада университети (Рино), Эл аралык билим берүү боюнча Америка кеңештери жана GE Healthcare, Pfizer, Abbott, Nasdaq, StoneX, Cove Kaz Capital Group, Mooney Group, Equion Group, All American Rail Group, Pangea-Global LLC жана TETHYS: Trans-Eurasian Gateway сыяктуу ири эл аралык компаниялар бар.
Жолугушууларда катышуучулар инвестициялар, инфраструктура, саламаттык сактоо, билим берүү, транспорт жана логистика, ошондой эле финансылык рыноктор жана заманбап технологияларды киргизүү сыяктуу кызматташтыктын приоритеттүү тармактарына көңүл бурушту. Кыргызстанда инвестициялык, инфраструктуралык, технологиялык жана социалдык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бөлүндү.
Жолугушуулардын акыркы этабында, 2026-жылдын 3-февралында, инвестициялык өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүүгө жана америкалык өнөктөштөр менен биргелешкен инициативаларды ишке ашырууга багытталган бир нече кызматташтык меморандумдарын кол коюу пландалууда.