
Министрлер кабинетинин улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу планы бекитилди
Министрлер кабинетинде бекитилген планга ылайык, 2026-жылдын декабрына чейин «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун инфраструктурасынын 5%ы курулат. Бул Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук программанын бир бөлүгү.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-декабрына чейин «Балыкчы – Кочкор» темир жолун жана Кочкор станциясын курууну аяктоо пландалууда.
«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу 2024-жылдын 27-декабрында башталды, ал эми анын аякташы 2030-жылы күтүлүүдө.
Темир жолдун жалпы узундугу 532,5 чакырымды түзөт, анын ичинен 304,9 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт.
Сүрөт www