
2026-жылдын 12-февралынан баштап Кыргыз Республикасындагы сегиз ишкана Кытайга экспорттоого уруксат берилген компаниялардын тизмесине киргизилди. Бул чечим Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы тарабынан кабыл алынды.
Бул үчүн негиз болуп, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат тарабынан уюштурулган системалуу иштердин аткарылышы болду.
Кытайга жеткирүүгө уруксат берилген компаниялардын тизмесине: ОсОО "Ат Башы Трейд", ОсОО "Алия", ОсОО "Гермес Ко ЛТД", ОсОО "Жол-Аман", ОсОО "Таалай Групп", ОсОО "Wool KG", ОсОО "Опэн Трейд" жана ОсОО "Торугарт Трейд" кирди.
Бул ишканалар ири мүйүздүү малдын терисин жана майда мүйүздүү малдын жүнүн кайра иштетүү менен алектенишет. Экспорттоого уруксат берүү кыргыз өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, жеткирүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө жана Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык байланыштарын бекемдөөгө шарт түзөт.
Ветеринардык кызмат жаңы кыргыз өндүрүүчүлөрдүн кытай рыногуна чыгышына жардам берүү жана Кытайга экспорттоого уруксат берилген продукциянын тизмесин кеңейтүү боюнча активдүү иштерин улантууда.