
Иш-чарага вице-министр Бектен Бекболотов жана долбоорлорду ишке ашыруу жана мамлекеттик-менчик өнөктөштүк боюнча жооптуу Исхак Анарбеков катышты. УКФР тараптан башкармалыктын төрагасы Азиз Аалиев, башкармалыктын мүчөсү Жетиген Бакиров жана кредит берүү департаментинин директору Кубанычбек Касымбек уулу болушту.
Негизги көңүл агросектордогу инвестициялык долбоорлорду практикалык ишке ашырууга бурулду. Фонддун өкүлдөрү айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелер үчүн финансылык жана консультациялык жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Жыйын катышуучулары долбоорду башкаруу боюнча тажрыйба алмашышып, программаларды ишке ашыруу үчүн шарттар жана техникалык талаптарды талкуулашты, ошондой эле кызматташтыкты кеңейтүү үчүн кийинки кадамдарды белгилешти. Алар министрлик менен УКФР ортосундагы мамилелерди бекемдөө өлкөнүн агропромун модернизациялоонун негизги болуп каларына ишенишет.