
Энергетика министрлиги маалымдагандай, капиталдык жана учурдагы оңдоп-түзөө планына 2 015 трансформатор да киргизилген.
2025-жылы Нарын электр тармактары ишканасы 83 трансформаторду алмаштырып, орнотууну жүргүздү, алардын ичинен: • 61 трансформатор 10/0,4 кВ күчүндө алмаштырылды; • 22 трансформатор 10/0,4 кВ кошумча орнотулду.
Бул иш-чаралардын натыйжасында жалпы электр кубаты өткөн жылга салыштырмалуу 39 217 кВАга артты. Мындан тышкары, 121 трансформатор Нарын электр тармактары ишканасына өткөрүлдү. Жүргүзүлүп жаткан бардык иштер калкка сапаттуу жана туруктуу электр энергиясын камсыз кылууга багытталган.