Ысык-Көл облусунда 2026-жылы электр тармактарын модернизациялоо процесси улантылат: эки миңден ашык эски жыгач опорлор заманбап темир-бетон опорлорго алмаштырылат, деп билдирет Кыргызстандын Энергетика министрлиги.
Алмаштырууга тийиштүү жыгач опорлор 1960-70-жылдарда орнотулган жана узак убакыт бою өзүнүн нормалдуу пайдалануу мөөнөтүн ашып, критикалык абалда турат.
Темир-бетон конструкцияларына алмаштыруу электр энергиясын камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат, авариялык учурлардын санын азайтат жана керектөөчүлөргө электр энергиясынын туруктуу жеткирилишине шарт түзөт.
2026-жылы опорлорду алмаштыруу иштери төмөнкү бөлүштүрүү электр тармактарында (БЭТ) ишке ашырылат:
- Ак-Суу БЭТ – 258 опор
- Каракол БЭТ – 260 опор
- Жети-Огуз БЭТ – 263 опор
- Тон БЭТ – 543 опор
- Чолпон-Ата БЭТ – 314 опор
- Түп БЭТ – 229 опор
- Балыкчы БЭТ – 282 опор.
Жаңы опорлорду орнотуу 2026-жылдын ноябрь айынын аягына чейин аяктайт деп пландалууда.
2025-жылы 1500дөн ашык темир-бетон опорлор орнотулуп, аймактагы бир нече калктуу пункттардагы эскирген инфраструктураны жаңыртууга чоң салым кошту.
2026-жылы орнотулуучу жаңы опорлор 2017-жылдан бери Балыкчы БЭТинин базасында ийгиликтүү иштеп жаткан темир-бетон буюмдарын чыгарган өз цехинде өндүрүлөт. Бул цехте СВ-110 жана СВ-95 маркасындагы опорлор даярдалат, алар сапат жана ишенимдүүлүк стандарттарына толук жооп берет.
Бул иш-чаралар аймактагы электр энергиясын камсыздоонун туруктуулугун жана натыйжалуулугун жакшыртууга маанилүү кадам болуп саналат. Ысык-Көл облусунун энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоо келечекте да улантылат.
📞 Электр энергиясына байланыштуу суроолор боюнча маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:
105; 1209
📱 +996 772 001209; +996 556 001209
📲 WhatsApp: +996 702 001209