
Бул арыздын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында укук коргоо органдары шектүүлөрдү аныктап, кармашты: М.Б., Т.Д. жана Ж.А., баары 2007-жылы төрөлгөн.
Бардык кармалгандар убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Тергөө учурунда шектүүлөр менен жабырлануучунун ортосунда карыздык милдеттенмелерден улам жаман мамиле болгондугу аныкталды.
Кылмыш ишинин алкагында зарыл соттук-укуктук экспертизалар дайындалды, ошондой эле болгон окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Тергөө уланууда.