
2026-жылдын 23-февралында “Кызыл-Кыя” көзөмөл постунда Өзбекстандан импорттолгон 28762 көчөттүн упаковкасында маркировка жок экендиги аныкталды.
Маркировкасыз карантин алдындагы жүктөрдү алып келүү Евразия экономикалык биримдигинин фитосанитардык көзөмөл талаптарын бузуу болуп саналат, бул жүктүн кайрадан импорттоочу өлкөгө кайтарылышына алып келди.