«Жаны-Куч» партиясынан депутат Каныкей Алымкулованын быйыл жаңы мектептер кайда курулаары тууралуу суроосуна вице-мэр жаңы мектеп №89 имараты Минстройдун жаңы эрежелерин эске алуу менен курула турганын белгиледи.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Эрмек Арымбаев жаңы мектеп №89 имаратынын долбоорунда төрт кабат, анын ичинде бир техникалык кабат каралганын кошумчалады.
- Жаңы орто мектеп №89 2024-жылдын жазынан бери авариялык абалына байланыштуу иштебей калды. Бул убакта окуучулар башка билим берүү мекемелерине — мектептер №1, №45 жана №52ге бөлүштүрүлгөн.