Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, күн тартибинде Бишкекте 20 жаңы мектептин техникалык абалы, сапаты жана курулуштун темпи боюнча маселелер каралган.
Жыйындын жүрүшүндө долбоорлорду ишке ашыруунун деталдары, курулуш материалдары менен камсыздоо, жумушчу ресурстарды уюштуруу, коопсуздук чараларын сактоо, ошондой эле каржылоо жана жумуштарды белгиленген графикке ылайык аткаруу маселелери талкууланды. Подряддык уюмдарга мөөнөттөрдүн бузулушун алдын алуу боюнча сунуштар берилди.
Бул жылы президенттин буйругу менен республикалык бюджеттин эсебинен Бишкекте 20 мектептин курулушу башталды:
- Октябрь районунда алты мектеп;
- Ленин районунда алты мектеп;
- Первомай районунда беш мектеп;
- Свердлов районунда үч мектеп.