Ош шаарында «Асан-Үсөн» балдар бакчасынын кошумча имараты ачылды

Наталья Маркова Билим берүү
VK X OK WhatsApp Telegram
Ош шаарында 100 орунга ылайыкташкан «Асан-Үсөн» балдар бакчасынын жаңы корпусунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү, деп билдирет Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Иш-чарада министр Догдуркүл Кендирбаева, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, ошондой эле балдар бакчасынын жамааты жана тарбиялануучулардын ата-энелери катышты.

Министрликтен билдиришкендей, мурунку балдар бакчасы жайгашкан имарат толук реконструкциядан өттү: терезелер алмаштырылып, фасад жаңыланды. Балдар үчүн оюн аянтчалары, альтанкалар жана отургучтар да түзүлгөн.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: