
Күн тартибинде 2025-жылдын февралында кол коюлган Макмал – Каракол темир жолун куруу боюнча мамлекеттик-менчик өнөктөштүк долбоору болду. Бул долбоордун ишке ашырылышы өлкөнүн ички темир жол тармагын өнүктүрүүгө жана Трансевразия транспорт маршрутуна интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган.
Талкуулардын жүрүшүндө заманбап жана инновациялык технологияларды, ошондой эле темир жол транспорту боюнча мыкты дүйнөлүк практикаларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Долбоордун ишке ашырылышы региондор ортосундагы транспорттук байланыштарды жакшыртып, Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын күчөтүп, экономикалык өсүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт деп күтүлүүдө.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшан Сабиров бул долбоордун өлкөнүн социалдык-экономикалык прогресси үчүн стратегикалык маанилүүлүгүн белгилеп, анын ишке ашырылышына толук колдоо көрсөтөөрүн билдирди.
Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга кызыктар экенин билдиришти жана аталган долбоорду илгерилетүү боюнча макулдашышты.