
Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде абанын сапатын жакшыртууга багытталган демилгени талкуулоо өткөрүлдү. 2026-жылдан 2028-жылга чейин Бишкек жана Чүй облусунда ишке ашырылуучу бул долбоор Корея Республикасынын өкмөтүнөн 10 миллион долларга чейин кайтарымсыз финансылык колдоо алат, деп билдирет министрликтин маалымат кызматы.
Жыйынга министр Медер Машиев, министрдин орун басары Асель Раимкулова жана Корей эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү катышты.
Долбоордун негизги максаттарынын катарына булгануу заттарынын чыгарылышын азайтуу, абанын сапатын башкаруу боюнча комплексдүү план түзүү жана мамлекеттик билим берүү мекемелеринде экологиялык жактан коопсуз жылытуу системаларын киргизүү кирет.
Бул демилгенин ийгиликтүү ишке ашырылышы борбордун жана Чүй облусунун экологиялык абалын жакшыртып, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатат деп күтүлүүдө.